Биржа фондунда түзүлгөн келишимдердин көлөмү 6 млрд сомдон ашкан

13 февраля 2020, 10:30

2019 - жылы биржа фондунда 2700дөн ашуун келишим бекитилип, алардын жалпы суммасы 6 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу тегерек столдо «Кыргыз биржа фонду» ЖЧКсынын вице-президенти Медет Назаралиев билдирди. Аталган иш-чара КР Соода-өнөр жай палатасында болуп өттү.

Тегерек столдун башкы максаты - бизнес коомчулукка Кыргыз Республикасынын фондулук рыногуна баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берүү. Азыркы учурда ишкерлер компанияларга каражат тартуунун альтернативдүү жолдору болгондугуна карабастан банктык насыяларды алууга кайрылышат.

«КБФ ЖЧКсынын приоритеттүү максаттарынын бири - ишкерлер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Биз акцияларды жана корпоративдик облигацияларды чыгаруу аркылуу инвестиция тартуунун альтернативдүү жана алда канча пайдалуу жолун сунуштайбыз. Биржанын расмий тизмесинде бүгүнкү күнгө чейин корпоративдик облигацияларды чыгаруу аркылуу инвестиция тартып, каражат таап, өз ишмердүүлүгүн кеңейте алган ишканалар бар», - деди Медет Назаралиев.

КБФнын листингине таза жана зыянсыз, биржанын минималдуу талаптарына жооп берген компаниялар кирет. Инвесторлор негизинен биринчи кезекте листингдүү ишканаларга көңүл бурушат.