Бишкекте 560 литр мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү май табылды

1 марта 2021, 11:15

Бишкекте мыйзамсыз сатылып жаткан  560 литр күйүүчү-майлоочу май алынды. Бул тууралуу мэриянын сайтында маалымдалат. 

 

Жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери 560 литр уруксатсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды табышкан. 

Табылган майдын орточо баасы 22 миң сомду түзөт. 

Кошумчалай кетсек, мындан тышкары Бишкек боюнча көмүскө соода кылган эки жай табылган.