Бишкек: адамды жүзүнөн тааныган видеокамералар үчүн 40 млн сом керек

2 апреля 2024, 14:55

Бишкек бийлиги ордо калаанын милициясына адамды жүзүнөн тааныган видеокамералар үчүн 40 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Каражатка видеокамералардан тышкары тиешелүү жабдууларды сатып алуу пландалууда.

Мэрия менен Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу келишими Бишкек шаардык кеңешинин бекитүүсүнө жөнөтүлдү.