Бишкек азыркыдан үч эсе кеңеет

4 марта 2024, 15:15

Бишкек шаары азыркыдан үч эсе кеңеет. Президент Садыр Жапаров “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айылдардын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болду.

Анын алкагында Бишкек 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейет. Мында Чүй облусунун сегиз айыл аймагы жана төрт айыл аймактын айрым айылдары ордо калаага кошулууда.

Географиялык жактан алганда борбордун аянты төрт тарабынан чоңоет.