Бишкекте бензинди мыйзамсыз сатып жаткан дагы бир түйүн табылды

25 января 2020, 15:00

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз сатылып жаткан түйүнүн аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-январында Бишкек шаарынын Профсоюзный көчөсүнүн аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын башаламан сатылып жаткан түйүнү табылды. Кароо иштерин жүргүзгөндө эч кандай уруксат документтери жок 2 тоннага жакын бензин табылды.

Азыркы убакта ЭККМК тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз жол менен ташылып келишин аныктоо, ошондой эле аларды шек жараткан түйүндөр аркылуу сатылышын токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.