Бишкек үч жылда толугу менен газдаштырылып бүтөт

28 ноября 2023, 09:05

Бишкек үч жылда толугу менен газдаштырылып бүтөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, мэрия менен жол картасына кол коюлган. Ага ылайык, ушул жылдын аягына чейин ордо калаанын тогуз конушуна көгүлтүр от өткөрүлөт.

Андан тышкары, иштер Новопавловка жана Селекция айылдарында жүрүүдө. Ал эми Ак-Босого конушунда долбоордук-изилдөө иштери жүрүп жатат.