Бишкекте эмгек акынын көлөмү башка региондорго салыштырмалуу 26.7% жогору

29 марта 2021, 11:15

2020-жылдын жыйынтыгы менен Бишкекте орточо эмгек акынын көлөмү 303 долларды түздү. Бул республикадагы башка региондогу эмгек акыга салыштырмалуу 26.7% жогору, деп билдирет Евразия экономикалык комсиссия. 

 

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык бирикмедеги бардык өлкөлөрдө тең ушундай көрсөткүч катталган. Ал эми Россия менен Белорусия өлкөлөрүндөгү борбор менен облустагы эмгек акынын көлөмүнүн айырмасы 1.9 жана 1.42 эсени түздү. 

Кошумчалай кетсек, эмгек акынын эң жогорку көлөмдө өсүшү Минскте 15.8% катталган.