29-январга карата күйүүчү майдын баалары

29 января 2021, 10:40

Ири май куюучу жайлар боюнча  сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 29-январь күнү, саат 10:40 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы 0,44% жогорулады. 

 

 

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 36, 6 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 37, 2 сомго, суюлтулган газ - 24, 6 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 36, 3 сомду, АИ-95 - 37, 9 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 45, 5 сом менен жана Bishkek Petroleum 49, 9 сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 36, 5 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

- «Партнер Нефть» - 24, 9 сом менен;
- Bishkek Petroleum - 23, 8 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
- «Газпром нефть» - 25, 4 сом менен  (Бишкектеги үч май куюучу жай).