Бишкек – Кара-Балта жолун курууда 104 млн сом кымырып алышкан

5 июня 2023, 12:10

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун курууда мамлекетке 104 млн. сом материалдык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан. Аталган жолдун 15,9-61-чакырымындагы курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилген.

“Жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле, жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада мамлекетке 104 млн. 81 миң 600 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 337-бер. (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-бер. (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иш козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.