25-марттан тарта Бишкекте  20:00 баштап 07:00 чейин коменданттык саат киргизилет

24 марта 2020, 15:30

25-марттан тарта Бишкектин аймагына кечки саат 20:00 баштап таңкы 07:00 чейин коменданттык саат киргизилет. Бул убакыт аралыгында транспорттордун жана жарандардын жүрүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 

ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев, борборго келген бардык конокторду түн ичинде шаардан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

«Такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга, транспортторун милдеттүү түрдө дезинфекциялоо шарты коюлду», — деп билдирди борбордун коменданты Алмаз Орозалиев.

Андан сырткары, Орозалиевдин айтымында азык-түлүк, дарыкана, күнүмдүк керектөөлөрдү камсыз кылган объектилерден сырткары бардыгы жабылат.