Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерге 500 миң сомго жакын айып салды

20 мая 2020, 11:10

Сегиз күн ичинде санитардык талаптарды аткарбай ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген ишкерлерге 467 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Тиешелүү текшерүүлөрдү райондук акимиаттар, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, ӨКМ, ШИИБ, мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери жүргүзүшкөн. 

19-майдагы кечки маалымат боюнча, мобилдик топ 8 күн ичинде 4 миңге жакын ишкананы текшеришип, 212 протокол түзүшкөн. 

 

  • Биринчи май районунда 67 миң сомго 27 протокол түзүлгөн; 
  • Ленин районунда 102 миң сомго 42 протокол түзүлгөн; 
  • Свердлов районунда 125 миң сомго 33 протокол түзүлгөн; 
  • Октябрь районунда 70 миң сомго 28 протокол түзүлгөн; 
  • Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 103 миң сомго 82 протокол түзүлгөн. 

Андан сырткары мэриянын экологиялык инспекциясы 188 мин сомго 46 протокол түзгөн.