Бишкек мэриясы «БишкекВторРесурс» ишканасы менен келишимди үздү

31 мая 2023, 15:41

Мындан ары Октябрь районундагы таштандыларды жыйноону “БишкекВторРесурс”  ишканасы жүргүзбөйт. Бул тууралуу  шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим жарандардан түшкөн арыздын негизинде кабыл алынды. Эми аймактагы таштандыларды "Тазалык" муниципалдык ишканасы чыгарат. 

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев башында турган комиссия бир күн мурун Октябрь районун текшерип, ишкананын начар иштегенине ынанган. Жыргалбек Шамыралиев райондун акимине ишкана менен келишимди үзүүнү тапшырган. 

“БишкекВторРесурс” ЖЧКсына карата Көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 20 акт түзүлдү. Ишкана “Тазалык” жана “Бишкек санитардык полигону” ишканасынын алдындагы милдеттенмелерин аткарбай, кредитордук карызга алып келген”, - деп айтылат маалыматта. 

“Тазалык” ишканасына таштанды ташталган жерлерди инвентаризациялоо жана келтирилген материалдык чыгымды ишканага көрсөтүү тапшырмасы берилди.