Бишкек мэриясы эки ишканага 46 миң сом айып салды

4 марта 2024, 09:35

Бишкек шаардык мэриясы “МЕНС” ЖАК курулуш компаниясына жана “Альфа Бетон” ишканасына айып пул салды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Альфа Бетон” ишканасына автоунаанын дөңгөлөктөрүн өрттөгөндүгү үчүн 23 миң сом айып салынган.

Ал эми курулуш таштандыларын белгисиз жайларга ыргыткандыгы үчүн ЖАК “МЕНС” курулуш компаниясына да 23 миң сом айып салынган.