Бишкек мэриясы коомдук транспорт кымбаттабай турганын билдирди

24 апреля 2024, 10:50

Бишкек мэриясы коомдук транспорттордогу тарифтерге байланыштуу түшүндүрмө берди. 

Эске салсак, кече Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жаңы автобустар өзүн кыска убакытта актоо үчүн жол кире акысын 25 сомго чейин көтөрүү зарылдыгын билдирген. 

Мэрия бул пикир муниципалитеттин позициясын билдирбегендигин баса белгиледи.

“Белгилеп кетсек, бул Бишкек мэриясынын позициясы эмес, өзүн актоо мөөнөтү боюнча тактоо үчүн алдын ала божомолдор. Ошол эле учурда муниципалитет коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрүүнү пландаган эмес. Борбор калаанын мэриясы ишкананын ишмердүүлүгүн туура жүргүзүүгө жана чыгымдарын оптималдаштырууга көбүрөөк көңүл бурат”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.