Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүнү чектөө сунушталууда

24 ноября 2023, 12:10

Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүнү чектөө сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Унаа жана жолдор министрлиги коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, Төө-Ашуу аркылуу жеке максаты менен бара жаткан мамлекеттик кызматкерлердин баары акы төлөйт.

Бирок "Тез жардам" унаасы, коомдук, ички-тышкы коопсуздукту камсыздоочу органдарга тиешелүү атайын автоунаалар, Энергетика министрлигинин, Транспорт жана байланыш министрлигинин атайын машинелери, айыл чарба азыктарын ташыган автоунаалар Төө-Ашуудан акысыз өтө алат.