Бишкек: подстанциялардагы трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды

12 декабря 2023, 09:25

Бишкектин айрым подстанцияларында трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, иштер ГЭС-5 аймагындагы подстанцияда жана “Ново-Южная” подстанциясында жүргүзүлдү.

Чиновник белгилегендей, энергетиктер өткөн жылы ашыра жүк келүү менен иштеген объектилеринин бардыгында кубаттуулукту жогорулатты.