«Бишкек санитардык полигон» ишканасынын мурдагы директору кармалды

29 апреля 2022, 16:45

«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык санитардык полигондун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин тергөө жүрүп жатат.

Тергөө жыйынтыгында аталган ишканасынын мурдагы директору Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасоого шектелип, ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле борбордун мурдагы мэри И.А.С жана долбоорду ишке ашыруу маселелерин тейлеген мэрдин мурдагы кеңешчиси Г.А.М. жайгашкан жери аныкталбагандыгына байланыштуу, аларга карата сырттан айыбы угузулду.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга багытталган активдүү тергөө аракеттерин улантууда.