Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилди

9 октября 2020, 17:00

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Мындай чечим кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында кабыл алынган. 

Өзгөчө абал 9-октябрь саат 20.00дөн баштап, 21-октябрь, саат 08.00гө чейин киргизилди. 

Бишкек шаарынын коменданты болуп ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич дайындалды. 

Өзгөчө абалдын чаралары:

1) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

2) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо убактылуу жашаган жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

3) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

4) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

5) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

6) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

7) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

8) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;

9) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

10) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

11) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

12) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү тууралуу кошумча милдеттер киргизилсин.

Жарлык Жогорку Кеңешке жиберилет жана кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.