«Бишкек штамптоочу заводдун» мүлкү «Кыргызиндустрия» ААКына берилди

22 марта 2023, 16:30

“Кыргызиндустрия” ААКына “Бишкек штамптоочу завод” мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу 15 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы берилди. 

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

“Бул чечим токтоп турган ишканалардын ишин жакшыртат, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берет”, - деп айтылат маалыматта.