Бишкекте соода борборлор 21-майдан тарта иштей башташат

19 мая 2020, 10:50

Республикалык штабдын планына ылайык, 21-майдан тарта соода кызматтар, калкты тейлөө борборлор, мончо жана спа-борборлор, репетитор жана турмуш - тиричилик кызматтары иштей башташат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Мэрия маалымдагандай, соода борборлор ачылууга даярдыктарды көрө башташты. Айрымдары коюлган талапка жоопкерчилик менен мамиле кылышууда. «Бишкекпарк» соода борборунун админстрациясы вирустун жайылышына каршы планды жана кардарлар менен кызматкерлердин коопсуздук эрежелерин иштеп чыгышты.