Бишкектеги төрт акча алмаштыруучу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду

20 марта 2020, 11:45

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы төрт акча алмаштыруучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу регулятордон билдиришти. 

1. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150 (№ 16 орун) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Гранд КЭШ» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 20-майындагы № 5894 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 20-мартынан тартып 26-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 

2. Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти 6-14 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Обмен» алмашуу бюросунун 2017-жылдын 31-июлундагы № 5571 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 19-мартынан тартып 25-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 

3. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150 (№ 26 орун) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Умар Компани» алмашуу бюросунун 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 5578 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 19-мартынан тартып 25-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 

4.  Бишкек шаары, Москва көчөсү, үй № 86 (№ 28 орун) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Экспо мани» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 28-ноябрындагы № 5955 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 19-мартынан тартып 25-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.