Бишкек дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын ичинен 410 - орунду ээледи

21 января 2020, 11:15

Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат шаарлардын ичинен Кыргызстан 410 - орунду ээледи. Бул тууралуу Numbeo статистикалык порталында жайгашкан. Аталган портал жыл сайын рейтингдерди жүргүзүп турат. 

Жүргүзүлгөн рейтингдин жыйынтыгына ылайык, топ-5 кымбат шаарлардын ичине Швейцариянын Цюрих шаары жана Баззель, Лозанна, Женева, Берн шаарлары кирген. 6 - 8 - тизмекте норвегиялык Ставангер, Тронхейм жана Осло шаарлары кирген. Исландиянын Рейкьявик жана АКШнын Нью-Йорк шаарлары биринчи ондуктун катарына киришти. 

Рейтинг ар бир шаардагы кызмат, тамак-аш, кийим, ар түрдүү товар жана көңүл ачуучу жайлардын баалары боюнча жүргүзүлгөн. 

Белгилей кетсек, Numbeo - дүйнө жүзүндөгү шаар жана өлкөлөр тууралуу маалымат берген ири база катары эсептелинет.