Бишкек жана Чүй облусу боюнча 34 субъект газдаштырууга насыя алды
Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 34 субъект газдаштырууга насыя алды. 14-декабрга карата маалыматты Каржы министрлиги бөлүштү.
Берилген каражаттардын жалпы суммасы 4 миллион сомдон ашты.
Ведомство “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо”долбоору быйыл башталганын эске салат.