Бишкек жана Ошто республикалык агроөнөр жай форуму өтөт
Бишкек жана Ош шаарларында республикалык агроөнөр жай форуму өтөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, иш-чара ордо калаада 26-28-февраль аралыгында, түштүк калаада 29-февралдан 2-мартка чейин болот.
Форумда дыйкан, фермерлер айыл чарба тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлөт.
Ишкерлер өз кезегинде бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралат.