Санитардык нормаларды бузган шаардыктар 11 млн сомго жакын айып пул төлөшкөн

5 января 2021, 12:30

Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайлардагы тазалыкты сактоо боюнча иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

 

2020-жылы тазалыкты бузгандарга дээрлик 1 миң протокол түзүлүп, 11 млн 726 миң сом айып салынган. 

 

Ал эми таштандыларды өрттөгөндөргө 267 протокол түзүлгөн. Шаардыктар жана уюмдар үчүн жалпысынан 612 протокол түзүлүп, тиешелүү айып пул салынган.