Бишкектиктердин коммерциялык банктарга карызы 95 млрд сомдон ашты

22 декабря 2021, 13:59

Бишкектин тургундары ушул жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгында коммерциялык банктарга эң көп карыз болуп калышты. Жалпы бересе 95 млрд 499,6 млн сомго бааланган. Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти. 

Жыл ичинде карыз 4,8%га же 4,4 млрд сомго көбөйгөн. Өсүш соода жана коммерция менен алектенген ишкерлерге зайымдардын көбөйүшү менен шартталган. Ал борбор калаа тургундарынын жалпы карызынын 35,2%ын түзөт. 

Кошумчалай кетсек, карыздын көлөмү боюнча турак жай кредиттери экинчи орунда турат. Алсак, бишкектиктердин ипотекалык карызы 11 млрд 410 млн сомго бааланган. Бул өлкөнүн бардык башка аймактарынын тургундарынын турак жай кредиттери боюнча коммерциялык банктарга карыздарын салыштырганда 1,6 эсеге көп.