Тазалыкты сактабагандыгы үчүн мэрия бишкектиктерге 1 млн сомдон ашык айыппул салды
Жыл башынан бери Бишкекте тазалык сакталбагандыгы үчүн 1 миллион 853 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын сайтында маалымдалды.
Белгиленгендей, жыл башынан бери борбордо тазалыкты сактабаган 231 учур катталган.
Муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору күн сайын шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана тазалоо боюнча иштеп жатат.