Бишкек шаардык архитектура башчысы 14 кабаттуу үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат берген

28 апреля 2021, 15:20

Мамлекеттик экспертиза департаментинин кызматкерлери, "Бишкекглавархитектура" жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция кызматкерлери борбор калаанын курулушчусуна долбоордук документтерди мыйзамсыз беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы мекемелерде иштегендер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, курулушчу "ГГ" ЖЧКсы менен алдын ала макулдашуу боюнча Бишкек шаарында 14 кабаттуу үйдүн курулушуна уруксат беришкен.

Текшерүүнүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 320 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329 (Кызматтык жасалмачылык) беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоркутардын бирдиктүү реестрине катталды, сотко чейинки өндүрүш башталды.