Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын 183 жараны кайтып келишти

11 августа 2020, 09:48

Дүйшөмбү күнү «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын чартердик рейси Екатеринбургдан Бишкекке Кыргызстандын 183 жараны кайтып келишти.

«Бул рейс Россияда окуган студенттерге жана мекенине кайтууга муктаж болгон жарандарга Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Надым, Курган жана Пермеден жеткирилди», - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардан жана кыргыз диаспораларынан келип түшкөн арыздарды эске алуу менен түзүлгөн.