Бишкекке жылуулук эртеңден тарта бериле баштайт

30 октября 2023, 09:10

Бишкекке жылуулук эртеңден тарта бериле баштайт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгиленгендей, жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакча, мектептерге, ооруканаларга жана башка социалдык мекемелерге, андан кийин көп кабаттуу үйлөргө кое берилет.