Бишкек мэриясы жаңы автобустар үчүн ЕРӨБдөн 33 млн евро насыя алууну пландап жатат

27 июля 2021, 14:00

Борбор калаанын мэриясы шаардын жаңы автобустары үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 33 миллион евро өлчөмүндө насыя алууну көздөп жатат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйындын учурунда билдирди. 

Маалыматка ылайык, насыяны жылдык 1% менен 12 жылдык мөөнөткө алуу пландалууда. Ошондой эле, 33 миллион евронун ичинен 8 миллион евро грант түрүндө берилет.

Бул каражатка бийиктиги 10-12 метр болгон 300гө жакын ири, ыңгайлуу автобустарды сатып алуу мерчемделип жатат.

Бул долбоорду ЖКнын Транспорт комитети кабыл алса, автобустар ушул жылдын аягына чейин сатылып алынары белгилүү болду.