Бишкектеги медицина кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрүнө 31.5 млн сом бөлүнгөн

18 февраля 2021, 12:30

2021-жылдын январь айында Бишкек шаарында эмгектенген медиктердин компенсациялык төлөмдөрүнө 31 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында малымдалат. 

 

Жалпысынан Бишкек шаары боюнча COVID-19 менен 1 миң 689 медицина кызматкери күрөшкөн. 

Медицина кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тез жардам борборунан тартылган. Борбордогу 711 кызматкерге жалпысынан 419.4 миң сом бөлүнгөн. 

Республикалык инфекциялык ооруканадагы 322 медицина кызматкерине 13 млн 898 миң сом компенсация каралган.