«Бишкексүт» аудитордук компанияга 16 миң доллардан ашык төлөйт
Былтыр 2022-жылдын 27-декабрында “Бишкексүт” ААК акционерлеринин жыйынтыктоочу чогулушу болуп, анда бир катар чечимдер кабыл алынган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга акционерлердин 96,4%ы катышып, анын жүрүшүндө Эсептөө комиссиясынын сандык жана жеке курамы бекитилген. Ошондой эле:
- финансылык абал жөнүндө жылдык отчет (жылдык баланс), жалпы киреше жөнүндө отчет (пайда жана чыгым жөнүндө отчет);
- 2022-жылга жылдык бюджет;
- текшерүү комиссиясынын корутундусу;
- аудитордук уюмдун отчету;
- 2021-жылга дивиденддердин өлчөмү жана төлөө күнү;
- “Бишкексүт” ААК аудитордук уюму жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдүн суммасы (16,5 миң доллар).
Мындан тышкары директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү; Максим Михайлов, Александр Кашин, Татьяна Корзун, Наталья Поликарпова, Миргүл Адиева шайланып, ошол эле учурда Алексей Трифоновдун ыйгарым укуктары токтотулду.