Бишкекте №23 жаңы автобус каттамы ачылды

16 апреля 2024, 15:20

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт" муниципалдык ишканасы бүгүнтөн тарта №23 жаңы автобустук каттамды ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан билдирди. 

Маалыматка ылайык, жаңы автобус каттамы айланма жолдон  – "Бишкекавтобекети" МИсинен  башталат, ал чыгыш багытта Киргизская көчөсүнө чейин барат. 

“Жалпысынан 25 автобус каттайт. "А" чекитинен "Б" чекитине чейинки аралык 56 километрди түзөт. Автобустардын ортосундагы аралык 7 мүнөттөн 9 мүнөткө чейин болот. шаардыктар коомдук транспорттун кыймылын "Менин шаарым"мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөй алышат”, - деп айтылат маалыматта.