Кийинки жума Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт

23 ноября 2023, 13:24

29-ноябрда Бишкекте бош орундардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, потенциалдуу иш берүүчүлөр менен жолугушуу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында саат 10:00дөн 14:00гө чейин болот.

Жарманкеде жумуш издөөчүлөр:

  • Бишкектеги 70тен ашык алдыңкы компаниялардан 6 миңден ашык бош орундар;
  • ылайыктуу кесипти тандоо үчүн тестирлөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгү (кесиптик багыт берүү үчүн);
  • талап кылынган адистиктер боюнча акысыз кайра даярдоо курстары жөнүндө билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.