Бишкекте 46 калктуу конуштун 27си газ менен камсыз болду

19 мая 2023, 11:45

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 46 калктуу конуштун 27си газдаштырылды. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров борбор калаадагы конуштарды газдаштырууну тездетүү маселеси каралып жаткан өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында конуштарга жана калктуу  аймактарга жаратылыш газын берүү 10 эсеге өстү.

“2023-жылга дагы 4 миң турак жайды камтыган 6 калктуу конушту кошумча газдаштыруу пландалууда”, - деди ал.