Бишкекте АКШ долларынын сомго карата баасы 95 сомго чыкты

24 февраля 2022, 16:18

Бишкекте бүгүн, 24-февралда түштөн кийин АКШ долларынын сомго карата курсу кескин түрдө көтөрүлдү. Тактап айтканда, бир нече коммерциялык банктардын сайтында АКШ доллары 93,50–94 сомдон сатып алынып жатса, 95 сомдон сатылууда.

Евро сомго карата баасы 106,50–107,50 сомго чыкты.

Рубль 0,70-0,90 сомдон сатылып алынса, 1,06-1,070 сомдон сатылууда.

Ал эми 24-февралга карата Улуттук банкттын сайтында доллардын расмий  курсу 84 сом 80 тыйын деп турат.