Бишкекте «Алтын балалык» бала бакчасы ачылды

30 января 2024, 14:19

Бүгүн Бишкекте УКМКнын №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Белгиленгендей, мекеме эки кабаттан туруп, 220 орунга ылайыкталган. 

Билим берүү мекемеси бардык керектүү шарттар жана эмеректер менен толук камсыздалган. “Алтын балалык” орто мектепке даярдоо үчүн 2,5 жаштан жогорку балдарды кабыл алат.

Кошумчалай кетсек, №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу президенттин резервдик фондунан каржыланган.