Бишкекте ар дем алыш сайын айыл чарба жарманкелери өтөт

9 ноября 2023, 13:11

11-12-ноябрь күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтөт. Бул жарманкелер 31-декабрга чейин ар бир дем алыш күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.  

Маалыматка ылайык, жарманкелердин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге айыл чарба продукциясын жарандарга дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат. 

Министрлик жарманкеге катышууну каалаган дыйкандарды 0555 34 60 60 телефон номуру менен байланышууга чакырат.