Бишкекте беш курулуш компанияга 103 миң сом айып салынды

11 апреля 2024, 12:30

Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн борбор калаада беш курулуш компаниясына муниципалдык инспекция айып пул салды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, "Имарат Строй" , "Авента Строй", "Алим Курулуш", "Курулуш кызматтары" жана "Капстрой Кей Джи" курулуш компанияларына айып пул салынды. 

Мындан тышкары, Ч.Айтматов проспектиси, 100/2 жайгашкан "Кыргыз Каганат" ЖЧК курулуш таштандыларын жыйноо боюнча жазма буйрук алган.

“Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн курулуш компанияларына салынган айыптардын жалпы суммасы 103 000 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.