Бишкекте дагы бир оюн-зоок паркы пайда болот

9 мая 2024, 12:00

"Асанбай" паркынын аймагына заманбап оюн-зоок сейил багын куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган парк жаңы форматта жана жаңы аттракциондору менен болот. Ыңгайлуу кабиналары бар жана бийиктиги 90 метрге жеткен "шайтан араба" аттракционун орнотуу пландалып жатат. Эс алуу аймагы коопсуздук эрежелерине жооп берген аттракциондор менен жабдылып, балдар үчүн акватория ж.б. болот.

“Учурда иштеп жаткан зоопарк жалпы концепцияга ылайыкташтырылгандыктан, ишин уланта бермекчи. Бүгүнкү күндө “Бишкек башкы архитектура” ишканасы тарабынан   долбоор иштелип жатат. Келечектеги парктын жалпы концепциясы бар, ал курулуш нормалары жана эрежелерин эске алуу менен иштелип чыгат”, - деп айтылат маалыматта.