Бишкекте дүйшөмбүдөн тарта 10дон ашык мектеп кадимки режимде иштеп баштайт

28 января 2022, 18:20

Бишкекте 31-январдан баштап 13 мектеп кадимки тартипте иштеп баштайт. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, борбордогу №4, 6, 11, 12, 17, 18, 26, 30, 32, 33, 38, 62, 88 мектептер дүйшөмбү күнү каалагасын ачат. 

Жогорудагы билим берүү жайлары коронавирус илдетинин күч алышына байланыштуу убактылуу карантинге жабылып, балдарды онлайн окутуп жаткан.