Бишкекте эко-таксинин саны көбөйтүлөт

20 октября 2023, 13:20

Бишкекте эко-таксинин саны көбөйтүлөт. Мэрия маалыматына ылайык, жакын арада дагы 100 унаа жеткирилет.

Учурда жаңы кызматта 10 такси иштеп жатат. Алар эртең мененки саат 7ден 10го чейин жана кечки 5тен 8ге чейин Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен 12-кичи районго чейин каттайт.

Бир адамга жол киренин баасы 50 сомду түзөт. Жакында жаңы линияларды дагы ачуу пландалууда.