Бишкекте электр акысын төлөбөгөн 2 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

14 февраля 2022, 13:30

Эртең, 15-февралдан тарта “Түндүк электр” ишканасы 2 миңден ашык бишкектиктерди дистанциялык түрдө электр жарыгынан өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн компания элди электр энергиясына төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырды.

Белгилеп кетсек, абоненттер карызды төлөм терминалдары, электрондук капчыктар аркылуу жана банк кассаларынан төлөсө болот. Мындан тышкары, "Кыргызпочтасы" ишканасынын филиалдары аркылуу да төлөм жүргүзүүгө мүмкүн.