Бишкекте Германия жумалыгы өтөт

29 апреля 2022, 09:45

Бишкекте 16-22-май күндөрү Германиянын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

“Жаштар жана келечек” деген ураандын алдында өтө турган иш-чаралар эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналат.

Анын алкагында, 20-майда Улуттук филармонияда өтө турган джаз концерти өзгөчө окуя болот. Немис ырчысы Пэт Эпплтон кыргыз музыканттарынын коштоосунда концерт берет.

Кирүү акысыз.