Бишкекте ири өлчөмдө акча уурдаган курьер кармалды

5 марта 2024, 15:21

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка катышкан деп шектелген курьер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Февраль айынын аягында Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну кайрылып, телефон аркылуу алдамчылык фактысын билдирген. Түндө белгисиз адамдар анын уюлдук телефонуна чалып, кызы кырсыкка кабылды деген алдоо менен 12 миң доллар жана 250 миң сом акча каражатын алышкан.   

Бул факты боюнча 209-берененин 3-бөлүмүнө ылайык, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголду. 

Кармалган жаран 2003-жылы туулган Ш.уулу Т., борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти. Анын телефондук алдамчылыкка байланыштуу кеминде беш башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган.