Бишкекте калкты тейлөө борборлору төрт күн иштебейт
Нооруз майрамына карата төрт күндүк эс алууда Бишкекте калкты тейлөө борборлору иштебейт, бирок кичи тейлөө борборлору эки күн жарандарды кабыл алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Эске салсак, 21-мартта Нооруз майрамы белгилеленет. Мындан улам, бейшембиден 24-мартка чейин өлкөдө эс алуу жарыяланып, калкты тейлөө борборлору да иштебейт.
Бирок 23-24-мартта Бишкектеги эки кичи борбор ачык болот. Алар Тынчтык проспектиндеги соода борбордо жана ЖЭБдин жанындагы супермаркетте жайгашкан.