Бишкекте катуу таштандыларды иштете турган завод курулат

29 марта 2024, 14:16

Бишкекте катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык завод курулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилеп кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында таштандыларды өрттөөчү ири завод курулуп жатат. Беларусиялык компания Каракол шаарында 135 млн сомдук таштандыларды өрттөөчү завод кура баштады.