Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер көбөйтүлөт

5 октября 2023, 18:00

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин саны кийинки жылы көбөйтүлөт.

Транспорт департаментинин жетекчи орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, план боюнча быйыл сары сызык Токомбаев, Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүндө, ал эми эмки жылы Жибек Жолу проспектинде, андан кийин Ахунбаев көчөсүндө, Манас проспектинде пайда болот.

Уезбаев белгилегендей, мындай өзүнчө тилкелер коомдук транспортко тыгындарга турбай жүрүүгө шарт түзөт.