Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 30-январдан тарта көтөрүлөт

16 января 2024, 09:00

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 30-январдан тарта көтөрүлөт. Токтом долбоорун шаардык кеңеш кабыл алды.

Документке ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай 20 сом, накталай эмес 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен 11 сомду түзөт.

Эске салсак, жаңы тарифтер кечээ, 15-январдан тарта күчүнө кирмек, бирок майрамдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу тийиштүү токтомду даярдоо аягына чыга электиги айтылган.